Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүу Башкармалыгынын башчысы Чолпон Тентиеванын маалыматына караганда, Бишкектеги Тарых музейинин оңдоо иштери соңуна жакындап калды. Ал ушул жылдын 30-августунда иштеп баштайт.
"Биздин Тарых музейибиз дүйнөлүк музейлер менен бирдей деңгээлге келди. Кыргызстанда 58 музей бар, алардын баары советтик мезгилдеги акыбалда. Ал эми Тарых музейи аларга үлгү болот", - деди ал.