III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун чагылдырууга 170 массалык маалымат каражаттары кайрылышкан. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова маалымат жыйынында билдирди.
"Учурда анын 113ү каралып жатат. Менимче, 2016-жылдагы деңгээлге жетебиз. Азыр чет өлкөлүк каналдарга оюнду түз чагылдырууга уруксат берүү маселеси чечилүүдө. Демөөрчүлөр менен да иштешип жатабыз. Оюн жогорку деңгээлде өтөт. Буга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн коноктордун чакырылып жатканы далил", - деди орун басар.