Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” болуп жарыяланган. Буга ылайык, айылдарда жигердүү иш-аракеттер жүрүп жатканын байкоодобуз. Биздин гезит бул жылы алыскы аймактардагы айылдарда эмне өзгөрүү болуп жатканына өзгөчө көңүл буруп, тынымсыз чагылдырып келе жатат. Бул сапар биз Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө болуп, жүз берген жакшылыктардан кабар алдык. Анда кеп аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Райымжан Абишович Мавляновдо...

 

- Райымжан Абишович,  адегенде кепти айыл аймагыңыздагы орчундуу, турмушка ашыруусу зарыл делген маселелерден баштасак. Мына быйылкы жылды президент Сооронбай Жээнбеков да аймактарды өнүктүрүүгө арнады... Ошондо кайсы көйгөйлөр сиздерде орчундуу?

 

- Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө учурда элибиздин саны 15545 миңге жетип, 3470 кожолукту түзөт. Негизи, кыргыз жергесиндеги айылдардын бардыгында эле эң орчундуу көйгөй болуп таза суунун тартыштыгы эсептелип келет. Биздин аймакта да дал ушул маселе биринчи кезекте чечилүүсү зарыл көйгөй болуп саналат. Колдон келген аракетибизди жасап келатабыз. Таза суу департаменти менен биргелешип атайын долбоор даярдап, 2019-жылы Кыргызстанга келе турган кытай грантынан акча каражаты бөлүнгөнү турат, ошондо зарыл делген бир топ маселелер чечилип кетет буюрса. Учурда Улук менен Семет суу кампалары толук мыйзамдаштырылып, элди таза суу менен камсыз кылуу максатында пайдаланууга берилди. Жээнбек суу кампасы лабораториялык текшерүүлөрдөн өтүп мыйзамдуу документтери даярдалып, элге суу берилип жатат. Чие айылындагы Кожобек суу кампасы суу чыгарууга даярдалууда. Ошондо, Улук айылына таза суу чыгарууга  617 500 сом, Торук айылына 315 000 сом, Жанак айылына 830 700  сом, Таш-Жар айылына 350 250  сом, Чие айылына 422 500  сом инвестиция жасалды.

 

Мындан тышкары, биздеги негизги көйгөй, же болбосо келечек тилегибиз десек да жарашат – өзүбүздө МТС уюштурууну колго алуудабыз. Себеп дегенде, айдоо жерлери улам кеңейип, айыл чарба техниканын жетишсиздиги эми даана сезиле баштады. Дыйканчылык боюнча биздин айылдын элдери каныккан адис болуп калышкан. Бирок суугат жердин аздыгы, техниканын жетишсиздиги кендирди кесип турат. Айыл чарба министрлиги, район жетекчилери да бизге кол сунуп, жардам берүүгө аракетин жасашууда.

 

Айыл өкмөтүбүз 87 пайыз дотацияда турат, б.а. жалпы 18 миллион сом бюджеттин 4 миллион сомун гана өзүбүз табабыз. Мектептер, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 7 бала бакчабыз бар, мына ушунун баарын биз камсыз кылышыбыз керек. Балдарга кам көрүү максатында 22 гектар алма бак, 11 гектар өрүк кармап келе жатабыз. Мына ошонун мөмөсүнөн табигый сок чыгарып, бала бакчаларды кышы менен камсыз кылуудабыз. Анткени, нукура сок ичкен баланын иммунитети да жогору болору белгилүү. Мындан тышкары, Торук айылына мечит салууга 2 млн. 200 миң сом, Сары-Кашка мечитинин шиферин алмаштырууга  360 миң сом инвестиция тартылган.

Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун деми, айылдарга жакындыгы бизге сезилип турат. Ошондуктан, колдон келишинче иштеп, элдин турмушун жакшыртууга аракет аяган жокпуз.

 

- Суугат жерлердин жетишсиздиги жөнүндө маселе козгоп калдыңыз. Айыл өкмөтүнүн аймагында дагы 2 миң га кайракы жер бар экен. Аларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк барбы? Себеби, аларга суу жеткизе турган болсоңуздар, дотациядан да чыгып кетүүгө шарт бар экен...

 

- Эң туура маселени козгоп жатасыз. 3 миң гектардан ашуун суугат жерге, ошол 2 миң гектар кайракы жерге суу алпарып кошуп алсак, абдан сонун болот эле. Мына, Араван, Кара-Суу райондорунда жылына эки жолу түшүм алышат. Биздин дыйкандардын да колунан келет. Долбоор бар, каражаттын жоктугунан ишке ашыра албай жатабыз да. Эгерде бул кайракы жерлер өздөштүрүлсө, кошумча салыктар да түшүп, элдин турмушун жакшыртууга өбөлгө болот эле. Урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович бул жагынан бизге жардамын аябайт деп терең ишенем.

 

- Заманбап жетекчинин образы кандай болушу керектиги багытында талкуу токтобой келет. Көп жылдардан бери жетекчилик кызматта жүрөт экенсиз. Ортодо он жылдай гана тыныгуу болуп, бирок, 2000-жылдардын башына бери эле айыл өкмөтүндө эмгегиңизди элге арнап келе жатыпсыз.... Айтсаңыз, аймактарда ийгилик жаратуу үчүн жетекчи кандай сапаттарга ээ болушу керек?

 

- Айыл өкмөт башчысынын, деги эле жетекчинин дээринде элдин көйгөйүн жакындан билүүсү башкы маселе. Түшүнүгү кең, айылдын турмушуна көзү жетип, жакындан билип, элге аралашып иш кылса иш алдыга жылат. Ооба, өлкөбүздү кесипкөй кадрлардын жоктугу өксүтүп жатканы көп айтылат. Бирок, эл ичинде андай жетик адистер көп эле. Байкабай жатабыз болгону аларды.

 

- Сөзүбүздүн башында быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылы тууралуу да кеп салдык. Аны кабыл алууда президент сиздерге кошумча жумуштардды жасоосуна түрткү берүү жагын да ойлогондук. Жылдын ушинтип жарыяланып калганы сиздерге пайдасы тийип жатабы?

 

- Башкасын айтпаганда да, “Аймактарды өнүктүрүү” деген ураандын өзү эле чоң секирик. Эгемен өлкө болгондон бери көкүрөк тушту эзгилеп келе жаткан маселени президентибиз дароо тапты. Өзү да Ош облусун көп жыл жетектеп тургандыктан, айылдын турмушун жакшы билет. Аймактарды өнүктүрүү менен гана мамлекетти бутка тургузууга болоруна көзү жетип турган, ал ишти дароо колго алган Сооронбай Шариповичтин бул кадамы ар дайым колдоого аларлык. Бизге кошумча стимул. Дагы да көбүрөөк иштегенге түрткү берди, мурда чолобуз тийбей  турган маселелерди колго алдык. Жетекчилик туура көз карашта болсо, эмне маселе болбосун, чечүү – адам баласынын колунан келе турган иш да, туурабы?

 

Ушул жерден көп жылдардан бери көңүлүмдү оорутуп келе жаткан маселени козгогум келип турат. Мен алгач 2004-жылы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эл тарабынан шайланып келгем. Ошондо биз түз элге отчет берчү элек. Ыйгарым мөөнөтүм бүткөндө ортодо он жылдай убакыт башка жумуштар менен алек болуп, быйыл февралда айылдык кеңештин депутаттары тарабынан шайланып калдым. Билинбеген менен, бул өтө чоң айырма. Анткени, депутаттардын алдында отчет бергенде, сенин эл менен байланышың жоголуп калат экен. Андан көрөкчө, түз элдик шайлоого жол ачып коюшса, айыл өкмөт башчысы жылдык отчетун элдик курултайда берип турса – бул эл менен байланышты аябай бекемдейт. Ал курултайда анын үстүнө элдин көйгөйүн жакындан угуп, билүүгө жол ачылат. Экинчи жагынан элиңден ийменип, татыктуу, таза иштөөгө аракет жасайсың. Кыскасы, айыл өкмөт башчыларын эл шайласа, кайра ушуга келсек, мамлекет утат болчу. Жогорку бийликтегилер да бул тилегимди ойго салып көрсө деген тилекте айтып жатам.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен Абдурахим Нарбаев, Булак: "Майдан. kg" гезити