Коррупцияга айыпталып камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жана анын жакындарынын мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

 

Камакка алынган мүлктөрдүн тизмесинде 7 автоунаа, турак-жай, көп батирлүү үй, адам жашоого ылайыкташпаган 4 имарат, дүкөн жана жер тилкеси, ошондой эле үч коомдук фонддогу жана бир нече ишканадагы үлүштөр бар.

 

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы жаңжалга байланыштуу айыпталууда. Тергөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.