Экс-депутат, ири ишкер, меценат, “Улут жүзү” коомдук фондунун төрагасы Рустам Мамановдун камакка алынганына бир топ убакыттын жүзү болсо да, компетентүү органдар бул тууралуу эч кандай маалымат бербей, сыр кармап келатышат. Эл-жер үчүн күйүп-бышып, улуттук деңгээлде бир катар мыкты идеологиялык багыттагы иш-чараларды уюштуруп, кыргыздын кечээкиси менен келечегине кам көрүп келген мыкты патриот ишмердин мурда-кийин арам иш менен шугулданганына эч ким ишенбейт. Дал ошондуктан, эл уулуна салынган тузактан эртерээк, аман-эсен кутулуп чыгышын тилейбиз. Бардык жагынан өсүп келаткан, эл колдоосуна ээ Рустам Мамановду балким, ушундай жол менен коомдук-саясий аренадан сүрүп чыгарууну максат кылышкан чыгаар? А биз ал ортодо диктофонду аңтарып олтуруп, мурда Рустам Ырысбаевичтин өзү, турмушу, достук, саясат тууралуу айтып бергендерин таап чыктык, ошону сунуштайбыз...
Ата-эне балага өрнөк дешет…
- Атам анча-мынча адам тик багып карай албаган, аябагандай сүрдүү киши болчу. Бирок, ушундай сүрдүү болсо да бизге бир жолу колун тийгизип, жаман айтып урушкан жок. Атамдын бир гана көз карашы баарын чечип, өз ордубузду айтып коёр эле. А апам болсо тескерисинче мээрими жүзүнөн төгүлүп, боорукерлиги, жумшактыгы анан жан дүйнөсүнүн ушундай бир бай, аруулугу менен айырмаланып турчу. Апам кайда барбасын бизге ар түркүн, ар улуттун жомокторун сөзсүз алып келчү. Ошондуктанбы, кичинебизден эле дүйнө таанымыбыз кенен болуп, билимге жакын өстүк.
Балалыктан калган элестер
- Балалыгымды эстегенде айылымдын чаӊ баскан жолдору менен бирге эле тамеки отоп, чөп чабып, мал баккан күндөр эске түшөт. Биз жетишерлик турмушта жашасак да, атам бизге баардык жумушту жасатып, мээнеткеч, эмгекке жакын кылып өстүрдү. Эсимде, мектепти бүткөн жылы жогорку окуу жайына өтпөй калып, кайра айылга барганымда, атам мени чөп чаапкандарга жардам бергенге жөнөттү. Анан суугатчы, көп өтпөй эле сакман башталып, сакманчы болдум. Жаз менен козуларымды айдаган бойдон чабанга жардамчы болуп тоого кеттим. Бирок, кайда барбайын, кандай жумуш жасабайын жанымда ар дайым жан досумдай китеп болор эле.
Дос мен үчүн…
- Дос деген мен үчүн жакшылыгыӊда да, жамандыгыӊда да ар дайым жаныӊда болуп, жан дүйнөӊдүн жарымына айланып, жакшылыгыӊа сүйүнүп, жамандыгыӊа күйүнгөн санаалаш адам. Бирок, дос да, достук да ар кандай болот тура. Бул эми турмуш да. Кээ бир жандар байлык, бийлик, атак-даӊк үчүн, кээ бир жандар жөн гана шаӊ-шөкөөт үчүн ДОС болушат. Бирок, бул жагынан алып караганда мен аябагандай бай, анан бактылуу жанмын десем болот. Анткени мен чыныгы достуктун кадырына жетип, чыныгы достору бар адаммын.
Сатып кеткендер болгон...
- Жараткан жакшы көргөн пендесине сыноо берет дейт. Бул жагынан да аябагандай жолдуумун десем болот. Бир эмес, бир нече жолу мени сатып кеткен жандардын курмандыгы болгом. Азыр мындай пас пендечиликке кейибейм деле. Жараткан баарын таразалап турат да. Ошондой эле ар бир адам өз маӊдайына жазылган ырыскысы менен төрөлөт. Ооба, убагында акчасыз калган, ири суммага карызга баткан учурлар деле болгон. Бирок, азыр “күн баарына тегиз тийет, эгерде сен өзүӊ көлөкөгө туруп алсаӊ, күн сага кайдан тийсин”- деген пикир менен жашап келем.
Саясатка келгени “маска” кийип алышат...
- 2000-жылы Жогорку Кеӊештин Эл Өкүлдөр жыйынына депутат болдум. Анда депутат болуу бир жагынан карасаӊ сыймык болгон менен бир жагынан ошончолук жоопкерчиликти талап кылчу. 2005-жылы деле командам менен жакшы эле аракет кылдык. Бирок, жеӊишке жетишкеним менен ушундай бир “адилеттүү” адамдар, “сен Аскар Акаевди түштүккө жардам бербейт деп жамандадың”,- дешип сотко беришкенде таӊ калгам. Мен азыр тигиндей, мындай деп айтып, ким бирөөнү каралагым келбейт, бирок, бир күнү тарых баарын тактап, баарына өз баасын берет деп ишенем.
Анан дагы саясатка келери менен эле такыр башка адамга айланып “маска” кийип калгандарга эч түшүнбөйм.
Эмнеге өкүнүп, эмнеден чарчайм?
- Элибиздин ата-бабалардан мурас калган каада-салт, үрп-адатын унутта калтырып баратканы сар-санаага салып, жан дүйнө тынчтыгымды бузуп, өкүндүрүп келет.
Элетти мен тарыхыбызды, тилибизди, үрп-адатыбызды жоготтурбай сактап, кыргыздын-кыргыздыгын таанытып турган бир тунук башат катары көрөм. Бирок, жетишпеген көр турмуштун айынан өз бактыларын бөлөк эл, бөтөн жерден издеп, чет жакка агылып кетип жаткан элет элин көргөндө “эртеӊибиз эмне болот?”- деген түмөн ойлор түйшүккө салбай койбойт. Ошондой эле өз катачылыгын көрүп туруп мойнуна албаган, канча айтпа өз мурдунан алысты көрө албаган, жан дүйнөсү жакыр жандардан чарчайм.
Улутту улут кылган – эл тарыхы
- Улутту улут кылып сактап келген бул ар бир элдин өз тарыхы. Келечек муун, жаштарыбыз ата-бабаларын, алардын баскан жолун, кылган иштерин унутта калтырбай, өз тарых, ата-тегин билсин деген максатта тарыхчы, санжырачы, илимпоздордон суранып, изилдетип 40 томдон турган санжыра жаздыртып атам.
Бир томунда кыргыз жеринде жашап жаткан ар бир улуттун кыскача тарыхы камтылып, мындайча айтканда ошол эле калмактар, же уйгурлар, же орустар Кыргызстанга качан келип, кандайча отурукташып калышканы жөнүндө баяндалат.
Бул кырк том жазылып бүткөндө кыскача так маалыматтарды камтыган окуу куралы кылып атайын мектеп, жогорку окуу жайлары үчүн бир китеп чыгарсамбы деген оюм бар. Анткени, өз тарыхын унуткан же билбеген улуттун келечеги жок да.
Биз азыр экономикалык жактан алып караганда аябай эле алсыз болуп жатабыз. Ошондуктанбы, улуттук баалуулуктарыбызды сактап, өнүктүрө албай келебиз. Жөнөкөй эле бир мисал биздин “кара жорго” деген улуттук бийибизди казактар улутташтырып алышты. Бул бийди кытайлык кыргыздар азыр деле бийлеп келишет. Өз бийибизди жаӊыча, заманбап стилде алып чыгышыбыз керек. Анткени бул мезгилдин талабы. Ошол максатта бий өнөрү боюнча сынак уюштуруп, жыйынтыгын жакшы билесиздер.
Мен балама 500 долларга кийим алып бергенге кудретим жетсе, менин кошунам 50 долларга гана кийим алып берүүгө алы келиши мүмкүн. Мына ушундай нерселердин натыйжасынан биз балдарды жаштайынан эле кемсинтүү, бөлүнүүгө алып келүүдөбүз. 2000-жылдан бери “мектеп формалары бирдей болушу керек” деп айтып келем. Ошондуктан кыргыздын туусу же кичинекей бир орнаменти түшүрүлгөн жаӊыча стилдеги мектеп формаларына сынак уюштуруп, азыр карасаңыз, тегиз баары бирдиктүү формага өтүп, канчалаган ата-эненин түйшүгү жеңилдеди. Балдарыбыз кийген кийим, көтөргөн уюлдук телефондору менен эмес, алган билимдери менен атандашып күч сынашсын.
Жашоомдун маӊызы эмнеде?
- Из калтыруу. “Атаӊ барда эл тааны, атыӊ барда жер тааны” дегендей, өмүрүмдү өрнөктүү жашап, жардамга муктаж жандарга колум сунуп, урпактарга алгылыктуу иш жасап, из калтырып кетсем деген аруу тилегим бар.
Чыныгы махабат
- Кыз талашып урушуу, балалык сезимдерден айрылуу бул ар бир эле жигиттин жаштык китепчесинде жазылуу болсо керек. Бирок, чыныгы сезим айттырбай келип, капыстан жолугат экен. Мен да күтпөгөн жерден жолуктум. Биринчи күнү таанышып, экинчи күнү ала качып кеттим. Ошондон бери жыйырма жылдын жүзү болуптур. Бирибизге-бирибиз эриш аркак болуп жашап келебиз.
Эмнеден рахат алам?
- Өзгөчө чет өлкөдөн кайтканымда, Ата-Журттумдун абасынан кере-кере дем алып, өзүмдүн кыргыз экениме, кыргыз болуп жаралып калганыма ушунчалык сүйүнүп, сөз менен жеткире албагандай өзгөчө бир рахат алам.
Ата-Журтумдун, элимдин тынчтыгын, апамдын амандыгын, бир тууган, жоро-жолдош, үй-бүлөмдүн бейкуттугун тилеп келем.
А.Ажиматова, Булак: “Майдан. kg” гезити