Кыргызстандын башкалаасында Мамлекеттик чекара кызматынын кезектеги коллегиясы аяктады. Анда аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин жана башкармалыктардын 2018-2019-кышкы сезонго карата камылгасы, ошондой эле Куралдуу Күчтөр тармагында жемкорлукту ооздуктоонун иш-чаралары катуу каралды.

           

Коллегия маалында Кыргыз Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик даярдыгын ого бетер жогорулатуу, аскер кызматкерлеринин квалификациясын көтөрүү, ошондой эле аткаруу тартибин дагы күчөтүү, жарандардын кайрылуулары жана арыздары менен иштөө өңдөнгөн олуттуу маселелер кең-кесири каралды. Мамлекеттик чекара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник К. Исаковдун айтымында, биринчи жарым жылдыкта жемкорлуктун беш фактысы аныкталган. Баарынын негизинде кылмыш иши козголуп, ушул тапта тергөө кызыды.

 

Ал эми ушул жылдын 10-сентябрына дейре тоолуу аймактардагы чекара заставаларына, а 1-нобярга дейре бардык чекара бөлүктөрүнө жетиштүү азык-түлүктөр толук жеткирилет. Анткени, мунун башкы себеби: башка чекара бөлүктөрүнө караганда аталган аймактар азык-түлүктөр, жүктөр жана күйүүчү-майлоочу майлар менен кыш түшкүчө толук камсыз этилиши кажет.

 

Мамлекеттик чекара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Д.Сатимовдун айтымында, үстүбүздөгү жылда офицердик курам үчүн жаңы үйлөрдү куруу иши дагы улантылат.

 

- Албетте, Чек ара кызматында айтаарлык жылыштар бар,- деди Чекара кызматынын кезектеги Коллегиясын жыйынтыктап жатып Мамлекеттик Чекара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев. – Буга улай айрым кемчиликтерге дагы жол берилди. Көп мүмкүнчүлүктөр колдон чыгарылды. Ошондуктан, баарыңыздардан арткаруу тартибин күчөтүүнү жана жемкорлук жоруктарына аеосуз күрөшүүнү бирдей талап кылам!

 

Ошентип, Мамлекеттик чекара кызматынын кезектеги коллегиясы Мамлекеттик Чекара кызматынын алдыдагы бир катар орчундуу иш-пландарын бекитип анан тарады.

 

 

Алишер Токсонбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити