2018-жылдын 31-июль күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Ново-Павловка айылында жайгашкан супермаркеттердин биринен ири суммадагы акча уурдалганы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Бул маалыматтын негизинде Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, алдын ала териштирүү иштерин жүргүзүшүп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн жана видео камераларда тартылган тасмалардын жардамы менен окуя кандайча болгонун такташкан.


2018-жылдын 30-июль күнү түнкүсүн болжол менен саат 03:30 чамасында эки жаран бетине медициналык бет кап тагышып, супермаркеттин батыш жагындагы эшиги аркылуу киришип, кароолчунун жоктугунан пайдаланышып, жүк сактоочу жайга кирип кетишкен. Ал жактан темир сейфтин ачкычын катылган жеринен алышып, сейфти ачышып, ичинен 579 миң сом акчаны уурдап чыгып кетишкен. Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыш изин суутпай кылмышка шектүү жарандар кармалышкан. Алар: 19 жаштагы Б.А., Ж.Ш. жана 18 жаштагы У.Т. аттуу жарандар болушкан.

 

Кармалгандардын ичинен У.Т. буга чейин Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) боюнча соттолгондугу маалым болгон. Андан тышкары шектүүлөрдүн бирөөсү ошол супермаркетте күзөт кызматында иштери белгилүү болду. Сокулук районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.