Өткөн жумада Беларустагы инвестициялык иш чара кыргызстандыктардын үрөйүн учуруп, 2010-жылы апрель окуясында шейит кеткендерди жаткан жеринен оодаргандай болду.  Анткени ошол учурдагы премьер-министр, кийин Кыргызстандын соту тарабынан кандуу окуянын күнөөкөрлөрүнүн бири катары сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Данияр Үсөновго коёндой окшош адам тарабынан 100 млн. АКШ доллары инвестиция катары чегерилип, 1 миңден ашык адам жумуш менен камсыз болуп, “Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомунун өндүрүш жайларынын курулушу расмий түрдө башталды. Бирок жергиликтүү ММКлардын “Сиз Кыргызстандын мурдагы, азыр өмүр боюу эркинен ажыратылган премьер-министри Д.Үсөновсузбу?”,- деген суроосуна: “Бул тууралуу кыргыздардан сурагыла”,- деген гана жооп берген. Көп өтпөй журналисттерге кайра диктофон, камерасыз интервью берүүгө чакырып, “Мен аны... 2013-жылы Малайзияда өлгөн деп уккам...”,- деп айтып, оозун ачырган. Бул окуядан кийин алгач кыргыз коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп, андан соң гана түшүнөн чочугандай ТИМ Минскиге нота жөнөттү. Эгер Беларусь бийлиги дале кайдыгер мамиле жасаса, анда ЕАЭБ, КМШ жана башка биргелешкен уюмдарда кызматташтыкты карап көрө тургандыгын да кыйытты. Өз кезегинде ЖК депутаттары да каникулдан келер менен аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун маселесин карамак болушту. Башкы прокуратура болсо, расмий түрдө Беларустан аны кайтарып берүү талабынан кайтпай тургандыгын билдирди. Тилекке каршы Кыргызстандын расмий органдарынын Бакиевдер тууралуу талаптарын каакым ордуна да көрбөгөн Минск Д.Үсөнов боюнча “ультиматумга” жооп берер бекен? Болгондо да ал бул өлкөнүн экономикасына 100 млн. доллар инвестиция чегерип жатса...

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити