Илим, билими, айрыкча жогорку билим берүү тармагы өнүккөн өлкөлөргө келип окуган чет элдик студенттер да кайсы бир деңгээлде инвестор болуп саналышат. Биздин өлкөдө Индия, Афганистан, Пакистан сыяктуу мамлекеттердин жаштары билим алышып, экономикабызга азбы-көппү салым кошуп келишет. Бирок “Укмуштуунун төөсү жорго”,- деп ушуну айт, биздин айрым жогорку окуу жайлар же алардын ректорлору чет элдик студенттердин эки-үч эсе жогору контракт төлөгөндүгүнө да канааттанбай, аларды талап-тоноого да өтө башташыптыр. Жакында Борбор калаадагы Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттин ректорунун үстүнөн индиялык студенттер арызданышты. Анда аталган өлкөнүн 60 студентинен 2900 доллардан алып, бирок аларды "окутуунун акысын төлөбөгөндүгү үчүн" университеттен чыгарып койгондугу айтылган. Бишкек шаардык милициясы аталган жогорку окуу жайдын ректорун Россияга учуп кетер алдында “Манас” аэропортунан кармап, учурда ал Октябрь райондук милициясынын имаратында көрсөтмө берип жатат. Көрсө, бул эл аралык эмес, жергиликтүү деңгээлде да таанылбаган окуу жай Индиянын билим берүү министрлиги тарабынан таанылган деле эмес экен. Ага карабай алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга мурда келип, орун-очок алып калган индиялык студенттер жердештерин чакырып, ортомчулук кылып бизнес жасап жүрүшкөн. Жада калса жогорудагы окуу жайга тапшырган студенттерден алынган акча үчүн документ да берилген эмес. Демек, алдын ала алдамчылык схемасы түзүлгөн.
Булак: “Майдан. kg” гезити