Көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, атаандаштарынын көзүн күйгүзүп, такка отурган соң Ош шаарынын жаңы мэри Таалайбек Сарыбашев дароо эле иштей баштады. Сыягы, шайлоо алдында “Ошту эки жылда таанылгыстай кылып өзгөртөм”,- деген убадасын чындап эле аткарууну көздөп атса керек. Ал  “Жетекчи элге жакын болуп, элдин көйгөйлүү маселелерин чечиш керек”,- деп айтып, карапайым оштуктардын көңүлүн көтөрүп койду. Себеби түштүк аймакта, айрыкча Ошто билинбеген менен чиновник-жетекчилер бай-манапка айланып, кара таман элдин көйгөйлөрү көңүл сыртында кала берет. Көпчүлүк талаштартыштар да мыйзам жолу менен эмес, “оштукча” чечилет. Ак-Тилек кичи районуна курулуп жаткан 150 орундуу оорукананын курулуш иштерин көрүп чыкты. Кытайлар тарабынан каржыланган бул медициналык мекеменин курулушу 2016-жылдын август айында башталып,  99% салынып бүттү. Бейтапкана быйыл август айында ишке берилгени турат. Кытай мамлекети 2 миллиард сом бөлгөн бул долбоор Бишкектегиден да жогору жабдыктар менен толукталган.  Эми мэр мырза ушуну менен эле токтоп калбай, бизде өнөкөт ооруга айланган ооруканадардагы врачтардын сыркоолордон акча алган мыйзамсыз иштерине жол бербей, жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу жагын да колго алса, көпчүлүктүн алкоосуна арзыйт эле. 2010-жылы Ош коогалаңынан кийин бомба түшкөндөй абалдагы түштүк борборду кыска аралыкта таанылгыстай кылып кайра курган мурдагы “элдик мэр” аталган М. Мырзакматовдой реформа жасай алабы, жокпу, эл үчүн кызмат кылабы же бийликтин камчысын чабабы, аны убакыт көргөзөр.

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити