Белорусиялык улуттук биотехнологиялык корпорациясынын башчысы Даниил Урицкий Кыргызстандын мурдагы премьер-министри жана өзүнүн аты Данияр Үсөнов болгондугу тууралуу маалыматты четке какты.
Мындай маалыматты белорусиялык “Naviny.bу” сайты жазып чыкты. Аталган басылма: “Буга чейин кыргыз бийлиги качып кеткен Үсөнов 2016-жылы Белорусиянын жараны катары катталып, паспортко ысымы Даниил Урицкий деп жазылганын билдирген”,- деген маалымат тараткан.
Аты Даниил Урицкий болгону менен кыргыз өкмөтүнүн мурунку башчысына окшош болгон жаран Белорусиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясын жетектейт жана аталган ишкана Пухович районунда ири агрардык долбоорду ишке ашырууга киришкен. Ал курулуштун салтанаттуу башталышы 27-июлда башталып, ага Урицкий да катышкан. Расмий бөлүктөн кийин аны менен “Naviny.by” сайтынын кабарчысы маектешкенге үлгүргөн. Ага мурда Кыргызстандын премьер-министри болгондугу тууралуу суроо узатканда, жөн гана: “Кыргыздардан сурагыла”,-деген жоопту берүү менен чектелген.
Калган кошумча суроолорго Урицкий жооп берүүнү каалаган эмес. Бир канча убакыттан соң кайра макул болуп, бирок диктофон жана камераны өчүрүп коюусун суранган.
Корпорациянын жетекчиси Даниил Урицкий деген ат менен жазылган паспортун көрсөткөн. Ошондой эле өзүнүн Данияр Үсөнов экендиги жөнүндөгү маалыматты четке каккан. Жөн эле оозеки маектин аягында: “Кыргызстандын мурунку премьер-министри Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда каза болгонун уккам”,-деп билдирген.
Буга чейин да аталган маалыматтык сайт Данияр Үсөнов менен Даниил Урицкий бир адам экенин өздүк булактары аркылуу тастыктаганын жазган. Кыргызстандын Минсктеги элчилиги да Үсөнов белорусиялык паспортту Урицкий деген ысым менен алганы боюнча кабардар экендигин айткан.
Кошумчалай кетсек, Данияр Үсөнов мурдагы өлкө башчы Курманбек Бакиевдин учурунда президенттин аппаратын андан кийин 2009-жылы өкмөттү жетектеп турган. Апрель окуясында ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Ага өмүр бою камакка алуу боюнча соттун чечими чыккан.
“Марал”, Булак: “Майдан. kg” гезити