Баткен облусунда 773 миң сомдон ашык контрабандалык жүк кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик Бажы кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Баткен облусунда эл кеңири керектөөчү жүктөрдү ташып бараткан автоунаа токтотулган. Аны дыкаат текшергенде, бардык товарлар Кытай Эл Республикасына таандык экендиги тастыкталды. Эки тонна 400 кило товардын эч кандай документи болгон эмес. Анан жалпы базар баасы 773 миң 100 сом экендиги дагы ашкереленди.
Мамлекеттик Бажы кызматынын маалыматына караганда, бул товарлар Бажы көзөмөлүн кыйгап өтүп Кыргыз-Тажик чекарасынан мыйзамсыз түрдө өткөрүлгөн. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, бардык материлдар Ош облустук прокуратурасына мыйзам чегинде чара көрүү максатында өткөрүлүп берилди.
Алишер ТОКСОНБАЕВ