Узаган алты айда Жалал-Абад облусунда 1 миң 342 кылмыш катталды. Булардын дээрлик 87,3 пайызынын бети ачылды. Бул туурасында алты айдын жыйынтыгын чыгарган жыйында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Жолдошев ачыктады.
Маалыматка таянсак, өткөн алты айда 102 номуруна 2 миң 783 кайрылуу түшкөн. Оперкызматкерлер 2 миң 737 окуяга жөнөтүлгөн. Мунун арасынан 454 үй-бүлөлүк жаңжал, а 38и жалган чакыруулар болгон. Ошентип, ысыгында 72 кылмыштын бети ачылды. Дагы 827 кылмыш ишинин 727си биротоло аныкталды.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Жолдошев алты ай аралыгында милиция кызматкерлери тарабынан дагы 354 мыйзам бузуу катталгандыгын ачык моюндады: - Жарым жылда 67 кызматкерибиз мыйзамсыз жорук жасаган, дагы 307 кесиптешибиз кызматтык тартипти бузушкан. Ошондой эле 9 кызматкерибиз мыйзамсыз жоруктары үчүн ишинен айдалашты.