Баткен районуна караштуу айтылуу Ак-Кайың жайлоосунда Баткен облусунун район-шаарларынын ыр кесе маданий иш-чарасы жыйынтыкталды.  

 

 

Кыргыз элибиздин маданиятын, үрп-адатын, салт-санаасын даңазалаган ыр кесе майрамында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев  бул жакшы жышаан менен жердештерин абдан кызуу куттуктады:

 

- “Ыр-кесе” ыр-бийдин гана майрамы эмес, биримдиктин жана тынчтыктын майрамы! Элибиздин эң эзелки көөнөрбөс каада-салты. Аймактарды өнүктүрүү жылында жүрүп жаткан ыр кесебиз аймагыбыздын ар тараптан өнүгүшүнө гана өбөлгө жаратат деп терең ишенем! - деди ал. 

 

Ошентип, Ыр кесе майрамында Баткен облусунун таланттуу чыгармачыл инсандары өрүкзарлуу Баткенди даңктап, барктап, даңазалаган чыгармаларды гана аткарышты.

 

Буга дейре Баткен облусуна Талас облусу Ыр кесе кезегин өткөргөн. Ошондуктан, баткенчилер бул сапар ыр кесенин кезегин Нарын облусуна тартуулашты.

 

Алишер Токсонбаев