Кыргызстандын түштүк башкаласында жайланышкан айтылуу Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги толук кандуу коопсуздукту камсыз этүү маселеси Ош шаардык мэриясынын кезектеги жыйынында кабыргасынан коюлду.
Жыйындын жүрүшүндө Ак-Буура дарыясын бойлото эл жайдын аптаптуу күндөрүндө байма-бай чөмүлүп жаткандыгы кескин сынга кабылды. Ошондой эле Ош шаардык ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар башкармалыктарынын, Мамлекеттик ЭкоТехинспекциянын, шаарСЭСтин, саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн өкүлдөрү укук тартибин бузуулар, санитардык жана экологиялык-техникалык коопсуздук жаатындагы мүчүлүштөр туурасында фактыларга негизделип жүйөөлүү сындарды дагы айтышты.
Чогулуштун соңунда Ош шаарынын вице-мэр Нурбек Кадыров атайын адистердин куралган мобилдүү топ түзүүнү сунуштады.
- Атайын жумушчу топтун ишин мындан ары өзүм гана жеке көзөмөлдөймүн. Ушинтип Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги башаламандыкты туруктуу тартипке салмакчыбыз, - деди Ош шаарынын вице-мэр Нурбек Кадыров.
Алишер Токсонбаев