Балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын илгерилетүү, баланын үй-бүлөдө жашоо укугун коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзүп жаткан интернат мекемелерди оптималдаштыруу боюнча иштерди күчөтүү, ошондой эле үй-бүлө институтунун ролун көтөрүү максатында эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Буйрукка Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев кол койду.
Эксперттик жумушчу топ интернат мекемелерин оптималдаштыруу, балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын илгерилетүү, баланын үй-бүлөдө жашоо укугун коргоо, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө көмөк көрсөтүү боюнча мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы боюнча кырдаалды иликтеп чыгып жана анын натыйжасы боюнча тиешелүү сунуштарды 2018-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүүсү тапшырылды.
Эксперттик жумушчу топтун курамы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын камсыз кылуу ишин активдүү жүргүзгөн, үй-бүлөлүк чөйрөдө балдардын укуктарын коргогон, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп кызматтарын түзүп жардам кылган өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 19-июлунда Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда «Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо маселелерин көтөргөн.
Мамлекет башчысы 27-июлда «Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекованы балдар үйлөрүнүн системасын реформалоо тууралуу маселелерди терең талдоо максатында кабыл алган. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдында балдар үйлөрү жана интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынган.