Белорусияда Даниил Урицский аттуу бишнесмендин сүрөтү Кыргызстандын экс-премьер- министри Данияр Үсөновдун "көчүрмөсү" экени коомчулукта ар түрдүү пикирлерди пайда кылууда. Жарандык активист Тимур Саралаев бул тууралуу пикирин мындайча билдирди: 

 

-Ал киши аты-жөнүн өзгрөткөнүн көп себептери болсо керек, алардын бири Эл аралык издөөдөн, алар Данияр Үсөновду издешет, ал эми бул киши мен Малайзияда көз жумгам, мен Урицкиймин деп жатпайбы. Эң таң калдырганы, бул киши тирүү туруп, өлдүм деп, тегинен баш тартканы. Акыретте кантип жооп берерин ойлобогон, Кудайдан да корпогон киши экен.

 

Белгилей кетсек, Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.