Белорусияда Даниил Урицский аттуу бизнесмендин сүрөтү Кыргызстандын экс-премьер- министри Данияр Үсөновдун "көчүрмөсү" экени коомчулукта ар түрдүү пикирлерди пайда кылууда. Журналист Кадыр Кошалиев бул тууралуу пикирин мындайча билдирди:
-Атын жөнүн өзгөрткөн адамдан эмнени күтүүгө болот? Тилекке каршы, акыркы жылдары кыргыз элинин тагдырын тексиздер, жетесиздер чечип келе жатат.Ошондуктан, ишибиз оңолбой, артка кетүүдөбүз.Эл башына билимдүү, адилеттүү, тектүү адамдар келгенде иш таптакыр башкача жүрмөк. Качып кеткендерди кандайынан болбосун Кыргызстанга алып келүү, жазасын берүү маселесин чечүү зарыл, болбосо эл бийликке болгон ишеними сууй берет. Жегичтер кутулуп кетерин билип, кутура беришет. Д.Үсөнов да ошондой кудайдан жөө качкан жетесиздердин бири.
Чынайым Кутманалиева