Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын билдиргенине караганда, Өмүрбек Текебаевди Улуттук кардиология бөлүмүнө алып келишти. Ага пландалган текшерүү жүргүзүлөт.
Маалыматка караганда, экс-депутатты дарыгерлердин көрсөтмөсү менен ооруканага которушкан. Ага дейре, депутаттык комиссия Текебаевдин дарылануусу керектигин билдиришкен. ЖАМКнын жетекчилиги да өз кезегинде Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышып, анда түзүлгөн комиссиядан экс-депутаттын дарылануусу зарылдыгын угушкан.
Азырынча Текебаев ооруканада канча убакыт болоору белгисиз. Аны конвойлор кайтарышууда.