Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө   Жарлыктарга кол койду.

 

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

 

Биринчиси,  Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 1654 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 1406 — чоң адамдар жана 248 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

 

Экинчи жарлык  1170 адамды (анын ичинен 934 — чоң адамдар жана 236 — балдар)  Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө болду.