КР ИИМ билдирет:
Урматтуу ата-энелер, күнүмдүк түйшүк сиздерди балдарыңыздарга болгон көңүл буруудан алаксытат, бирок балдар сиздердин жардамга жана көңүл бөлүүңүздөргө айрыкча жай мезгилинде муктаж экендигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар.
Биринчиден: күн сайын балаңызга жолдо жүрүү эрежесин эскертиңиз. Сиздин балаңыз түшүнүүсү зарыл: чоңдорсуз жолду кесип өтүүгө болбойт, чоң кишинин колун кармап, жулкунбастан, тратуардан чыкпастан жүр;
*жолдун оң жагы менен көчөдө этияттап баскан туура;
• жолду жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротур менен жана жол чырактын жашыл белгиси күйгөндө, бардык автоунаалар токтогондон соң гана кесип өтүү керек;
• жолдо автоунаалардын жүрүүсү жол чырактар менен башкарылат;
• коомдук транспортто жүргөн учурда терезеден башты чыгарууга, кандайдыр бир тетиктерге колду тыгууга болбойт.
Экинчиден: табигат койнуна чыкканда эсиңизде болсун:
• жайкы мезгилдеги экскурсия, сейил жана жүрүштөрдүн убагында балдарды чөмүлтүү үчүн көлмөнүн тынч, тайыз жана тамырлар же чөптөр жок жээги тандалат;
• балдарды сууга түшүүчү жайларда чоңдордун көзөмөлү жок калтырууга болбойт;
• сууга чөмүлүп жаткан балага үзгүлтүксүз көзөмөл керек;
• балдар сууга түшүп жатканда сууга тосмолордун үстүнөн же жээктен секирүүгө тыюу салуу зарыл;
Үчүнчүдөн:балага көчөдөгү жана үйдөгү коопсуздук боюнча дайыма эскертип туруу керек:
Балага күн сайын төмөндөгүлөрдү кайталоо зарыл:
- үйдөн, короодон алыс кетпе.
- көчөдө бейтааныш кишилерден эч нерсе алба. Тез арада четке чыгып кет.
- караңгы түшкөнчө ойнобо.
- бейтааныш өспүрүмдөрдүн тобунан алыстап өт.
- эл жүрбөгөн жайлардан, ташталган үйлөрдөн, кароосуз сарайлардан, чатырлардан, жер төлөөлөрдөн качып алыс жүрүү керектигин.
- бейтааныш кишилер менен подъездге, лифтке чогуу кирбе.
- эгер тааныбасаң эшикти ачпа.
- бейтааныштын машинасына олтурба.
- тааныбаган адамдардын баардык сунуштарына "Жок!"деп жооп берип, алардын жанынан тез арада эл көп жүргөн жайларга кет.
- көчөдө, транспортто же подъезде кишилерди жардамга чакыруудан тартынба.
- эгерде сени кармап алып же сага күч колдоно турган коркунуч жаралса, кыйкырып, жулкунуп, качууга аракет жаса.
Урматтуу ата-энелер, сиз балаңыздын үйдөгү коопсуздугуна да көнүл буруңуз:
- иштеп турган электржабдыктарды кароосуз калтырбагыла;
- баланы батирде жалгыз калтырбоо керек;
- розеткаларды балдар жете албагандай абалда коюу зарыл;
- балдарды газ плитага жана ширенкеге жакындатпагыла.
Эсиңизде болсун! Жаш балдар сиздерди – ата-энелерд итуурап жасайт! Сиздин балаңызга болгон таалиминиз үйдө же көчөдө тартиптүү жүрүүнүн үлгүсү болсун!
Балдарды коркунучтуу, кырсыктан алыстатуу үчүн, болгон мүмкүнчулүгүнүздү аябаңыз!