Полтовка айылындагы жол кырсыгынын кесепетинен оор жараат алган бала ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Чүй ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, эки жаштагы бала жол кырсыгынан кийин Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Кырсык болгон жерде анын ата - энеси каза табышкан. Окуя эки автоунаанын кагылышынан жаралган. 

 

Жол кырсыгынан дагы эки адам жабыркаган. Алар учурда ооруканада. Окуя болгон жерде жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери иштөөдө.