Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынан билдиришкендей, коррупция менен күрөштүн жыйынтыгында депозиттик эсеп толууда.
Маалыматка караганда, өткөн жумада эсепке 20. 4 миллион сом которулган. УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагында учурда жалпысынан 129, 6 миллион сом түштү.
Эске салсак, Каржы министрлиги ушул жылдын 3-июлунда экономикалык жана жооптуу кылмыштардын бетин ачуу менен мамлекетке келтирилген суммаларды кайтаруу боюнча атайын эсеп ачкан.