Жай мезгилинде токойлордо жана талааларда өрттүн чыгып кетүү коркунчу жогору болгондуктан КР ӨКМ жайкы мезгилдеги өрт коопсуздугу тууралуу эрежелерди эскертет.
Жайкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо зарыл:
- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбоңуздар;
- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө сактабаңыздар;
- балдарды кароосуз калтырбагыңыздар;
- күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабаңыздар;
- электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпоо керек;
- күйүп тургантамекинин калдыктарын жана ширеңкени ар жерге таштабоо керек; ;
- аянттагы тазаланган жердин катмарына гана от жагуу сунушталат;
- өрт кооптуулугу жогору учурда от жакпаңыздар жана калдыктарды өрттөбөө керек;
- кетип бара жатып отту суу менен өчүрүп, очоктогу оттун күлүн топурак менен аягына чейин көмүп коюу керек;
- токойго бензин синип калган жана май болгон материалдарды калтырбаңыздар;
- айнектин сыныктарын жана бөтөлкөлөрдү калтырбоо керек, себеби күндүн нуру менен чагылышып өрттүн булагы болуп калышы мүмкүн. Жаны чыккан өрттү суу менен өчүрүп, үстүнө топурак таштоо керек.
Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү тилсиз жоодон сактап, эң негизгиси өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз. Чукул кырдаал жаралса, “112” кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.