Бишкектеги  Свердлов райондук салык кызматынын кызматкери  15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, аталган  мекемеге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда  салыкчы   ишти оң жагына чечип бериш үчүн акча талап кылып жатканын айткан. 

 

Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 313 (“Пара талап кылуу”) беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.