Жеке ишкер Имамидин Ташов марум журналист Улан Эгизбаевдин артында калган үй-бүлөсүнө батир берүүнү убада кылды. Ал бул тууралуу "Азаттыкка" берген маегинде билдирди. 

 

Жеке ишкердин айтымында, азырынча кайсы жерден батир берилээри так эмес. Бирок, курулушу бүткөн жана бүтүү алдында турган көп кабаттуу үйлөрдү карап көрүшүп, бир чечимге келишет. 

 

Эске салсак, Улан Эгизбаев 22-июлда дүйнөдөн кайткан.