Көпчүлүк коалиция тарабынан Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлиги сунушталган Азиз Суракматов Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына документин тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын башчысы Кайрат Маматов маалымат таратты. 

 

Анда айтылгандай, мэрликке талапкер документтерин өзү алып барган. 31-июлда мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Андан өтсө гана талапкер катары расмий катталат.