3-сентябрдан 6-сентябрга чейин Кырчын жайлоосунда "Мөңгү" 1-эларалык кинофоруму өткөрүлөт. Ал жерге атайын кинобоз үйлөр жана тасмаларды ачык асман алдында көрсөтүүчү аянттар орнотулат. 

 

Фестивалдын директору маалымдагандай, ал жаратылыш ресурстарын сактоо, айлана - чөйрөнү коргоо темасына багышталат. 

 

Ошондой эле форумдун программасына кошумча атайын көрсөтүүлөр, семинарлар, эла аралык жана улуттук кинематографисттердин, эколог жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эксперттердин катышуусунда мастер-класс болот.