Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 16 жаштагы өспүрүм алты жаштагы кызды зордуктаган. Бул тууралуу аталган аймактын ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган факт боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин "Жашы жете электерди зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Маалым болгондой, өспүрүм кичинекей кыз менен кошуна жашаган. Кызды үйүнө алдап алып барып, зордуктаган. Учурда кыз ооруканада. Ал эми өспүрүмдү убактылуу кармоочу жайга камашты.