Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун адвокатынын арызынын негизинде анын баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунун коллегиясы тарабынан каралды.
Жыйындын жүрүшүндө адвокат Сергей Слесарев Ибраимовду камактан чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Анын айтымында, мурдагы шаар башчысын абакта кармоо мыйзамсыз.
Бирок, соттор Ибраимовду камакта калтыруу чечимин кабыл алышты. Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылып, мурдагы шаар башчысы ушул жылдын 29-августуна чейин УКМКнын абагында калтырылат.