Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору автоунаа менен көлдүн жээгине мыйзамсыз кирип кеткен жарандарды жоопко тартышты.
Тактап айтканда, Мамэкотехинспекциянын инспекторлоруна 25-июль күнү Чолпон-Ата шаарындагы Ала-Тоо эс алуу үйүнүн күн чыгыш тарабына эс алуучулар көл жээке унаа менен кирип кеткендиги туурасында маалымат келип түшкөн. Инспекторлордун ыкчам текшерүүсүнүн негизинде мамлекеттик номерлери В0150 ВY жана В 5408 АY 2 Тайота Ленд-Круизер Прадо автоунааларынын ээлерине административдик укук бузуу боюнча протоколдор толтурулуп, айыптар салынды. Ошондой эле унаалар (жолтандабастар) атайын унаа токтотуу жайына жеткирилди.
Эскерте кетсек, Мамэкотехинспекциянын инспекторлору Ысык-Көл облусунда жайгашкан эс алуучу жайлардын жээктерине жана жапайы жээктерге унаалары менен кирип жаткан жарандарга карата түшүндүрүү жана текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Себеби, көл жээгине 100 мерт жакындыка унаа менен кирүүгө мыйзам тыйуу салат.
Мындай көрүнүштөр көлдүн жээгин булгап,экологиясын бузуу коркунучун жаратат. Андыктан жергиликтүү жана чет мамлекеттен келген эс алуучуларды эс алуу маданиятын сактоого чакырат.