Биринчиден, расмий түрдө уюлдук каражаттарды каттоодон өткөзүү «Электр жана почталык байланыш жөнүндө» Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын талабы экендигин билдиребиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү учурда уюлдук каражаттарды катоодон өткөзүү эрежелеринин долбоорун жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык демилгелеп чыкты. Баса белгилеп кетебиз, бул азырынча болгону эле кеңири коомчулуктун назарына коюлган долбоор жүзүндөгү сунуш. Бул маселе боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек. Долбоор талкуудан өткөндөн кийин, атайын жумушчу топ түзүлүп, алар сиздер тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен гана бир бүтүмгө келген сунуштаманы алып чыгышат.
Экинчиден, биз расмий түрдө айтып коюубуз керек, учурда контрабанда, контрафакт жана мобилдик каражаттарды уурдап, кайра сатууга каныккан топтор атайылап коомчулуктун башын адаштырып, уюлдук телефондун ар бир ээси аны каттоо үчүн 100 сомдон төлөшү керектиги тууралуу жалган маалымат таркатышууда. Бул карандай калп! Уюлдук каражаттарды каттоо автоматтык түрдө бепбекер жүргүзүлөт жана карапайым адамдар эч жакка барышы керек эмес. Эмнеге? Мыйзам талабына ылайык, мобилдик каражаттарды Кыргыз Республикасына алып кирген импортерлер аларды өлкө аймагына алып кирүүдө мамлекеттик каттоодон өткөзүшү зарыл. Мобилдик каражаттарды каттоо эрежелеринин сунуштамасында импотерлер аларды алып кирүүдө мамлекеттик каттоодонт өткөзүү үчүн 100 сомдон төлөшу керектиги айтылган. Мыйзам талабына ылайык, бул мыйзамдаштырылган мамлекеттик кызмат. Дал ошондуктан, элдин башын айландырып, калп маалымат таркатуунун артында жеңил оокатка көнүп калышкан контрабандисттер тургандыгын дагы бир жолу белгилейбиз!