Өткөндө интернет аркылуу кошуна Тажикстанда салмагы алты килден ашык наристе төрөлгөндүгү тууралуу кабарды угуп, баарыбыздын оозубуз ачылды эле.  Ошол эле учурда Бишкектин №2 төрөтканасынын маңдайында, врачтар акча бербей койгондугу үчүн төрөткана оңдолуп жаткандыгын шылтоолоп кабыл албай койгон кыргыз келин да беш килге жакын салмактагы балканактай бала төрөп, ары-бери өткөн адамдар киндигин кесип, жардам берип, сактап калышкан болчу. Ушул дем алыш күнү борборубузда дагы бир жагымдуу окуя болду. Бул ирет Бишкектик келин салмагы алты килограммга жеткен уул төрөдү. Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, ымыркай Бишкек шаарындагы № 1-төрөт үйүндө жарыкка келди. 34 жаштагы келин салмагы - 6 килограмм 230 грамм, бою - 58 сантиметрлик уул төрөдү. Медиктердин айтуусунда, буга чейин мындай салмактагы балдар төрөлө элек болчу. Эң чоңу 5 килограммдан ашкан. Бул үй-бүлөнүн бешинчи баласы экен. Буга чейин ал келин эгиз төрөгөн. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Канткен менен салмагы жогору, ден соолугу чың наристелердин жарык дүйнөгө келип жатышы көңүл көтрө турган жаңылык. Бул айланып келип эле элибиздин бардар турмушка жетип, келиндерибиздин саламаттыгы жакшырып, ал эми алардын күйөөлөрүнүн да бели бекем... экендигинин далили эмеспи. Демек, келечекте кыргыздын Манас баатырдай мекенчил, эр жүрөк, өз өлкөсүнүн келечегин коргой ала турган уулдары төрөлүп атат. Эми бийлик, саламаттык сактоо министрлигинин төрөтканаларынын врачтары да бир аз уялып, ыйманга келип, жаңы төрөлгөн наристелердин атасын “сүйүнчү, ороп берди, төрөтканадан чыгарып берди”,- деген шылтоолорду айтып тоногон адатын токтотсо эле элибиз өз киндигин өзү чечип, мамлекетибиздин эр азамат уулдарын өстүрө бермекчи.

 

 

Булак: “Майдан. kg”  гезити