Массалык маалымат каражаттарына баяны жарыяланган Айжан Исмаилова аттуу кызга аталган министрлик кол сунуу алдында турат.  

 

Эске салсак, Айжан Исмаилова кичинекей кезинде апасы таштап кетип, чоочун адамдардын колунда чоңойгонун, жаш курагы канчада экенин так билбестигин жана жетинчи классты гана аяктап, андан ары билимин улантууга мүмкүнчүлүгү болбогонун журналисттерге айтып берген.

 

Учурда аталган министрликтин кызматкерлери Айжандын жетишүү табелин түзүшүүдө. Ушул жылдын 1-сентябрынан баштап ага атайын техникалык билим берүүчү лицейдин системасында билим алуу сунушталды. Бир жыл окуп, сертификат алып чыгат жана бул убакыт аралыгында, тамак-аш жана жатакана менен камсыздалат.

 

Андан тышкары министрлик кыздын туулгандыгы тууралуу документи чечилгенден кийин экстернаттык формада билим алуу маселеси да каралаарын билдирди. Андан кийин Айжанга билимин өркүндөтүүгө жол ачылат.