ИИМдин Өкүлчүлүгүн катышуусу менен Кыргызстандын жаранынан 2 миллион рубль акча каражатын талап кылгандар кармалышты.

 


2018-жылдын 16-июлунда  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө 26 жаштагы кыргызстандык  (Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну)  кайрылып, чала тааныш адамдар  ири суммадагы акча каражатын талап кылышып, тоноп кетишкенин  билдирген.


Аныкталгандай, Москвада июль айынын башында бир нече белгисиз адамдар жабырлануучудан 2014-жылда чыккан «Ситроен С-ELYSEE» үлгүсүндөгү автоунаасын, 10 000 рублей акча каражатын, паспортун, айдоочулук күбөлүгүн тартып алышкан. Андан соң, кылмышкерлер акча талап кылышып, документтерин кайтарып алуу үчүн 2 000 000 рублей сурашкан. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү кылмыш иши жасалган аймакта арызды каттоо учурунда коштоп жүргөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча бөлүмү менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө 2018-жылдын 19-июль күнү жогоруда аталган кылмыш ишине тиешеси барлар кармалган. Кыргызстандын жаранынын наамына берилген паспорт, айдоочулук күбөлүк жана автоунаа алынып, топтолгон материалдарга тиркелди.


Азыркы учурда Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тиешелүү ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.