Москвадагы жеке менчик клиникалардын биринде аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышууда.
Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери сөөк табылган жерге чакырылып, маркумдун өздүгү аныкталган.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ал Кыргызстандын 40 жаштагы тургуну Жазгүл болуп чыкты. Маркум операция жасатуу үчүн жеке менчик клиникага кайрылган. Ооруну басаңдатуучу каражат ледокоин алгандан кийин жүрөгү токтоп калган.