Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 2018-жылдын 23-июль күнү саат 19:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан “AVEP” окуу борборунун болжол менен 200 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен.

 

Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Балыкчы шаардык №19 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Чыгыш Электродон 5 кызматкер.

 

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган күчтүн жардамында учкан жыгач устундуу тунике коопсуз жайга жылдырылган.