Күн күндөгүдөй магдыраткан жок. Анткени, Албек Ибраимовдун Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган мүлктөрүнүн тизмеси жарыяланды. Тизмеге таянсак, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары ишеним көрсөтпөө жарыялаган мэрдин үй-бүлөсүнүн менчигинде эбегейсиз чоң жер тилкелери бар экен.

 

Негизинен сөз Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы ар кайсы багыттагы жер тилкелери, 200 кыймылсыз мүлк обьектилери тууралуу болмокчу.

Өзүнчө пункт менен айылдагы жерлер, элиталык жана жүк ташуучу авто паркы, эсеби жок ири жана майда чарба курулуштары, ар түрдүү багыттагы складдар, гараждар, сарайлар кетет.

 

Ибраимовдордун үй-бүлөлүк - кландык ишкерчилигинин дагы бир башка тарабын нефть компаниялары жана өнөр жай өндүрүштөрү толуктайт.

 

Албек Ибраимовдун байлыгынын масштабын өлчөп чыгууга бир күн жетпейт. Бул болгону анын Кыргызстандагы гана мүлктөрү, ал эми чет өлкөдөгү байлыгын айтпай эле коелу.

 

Ошондой эле бул макалага атайылап анын хан сарайларынын, батирлеринин, мейманканаларынын жана башка коммерциялык максаттагы кыймылсыз мүлктөрүн санын так атабадык.

 

Жөнөкөй слесардан олигархка карай жол

 

Өткөн кылымдын 90-жылдарында Албек Ибраимов учурда “Кыргызавтомаш” ААКсы катары белгилүү  “Тяжэлектромаш” заводунда слесарь болуп иштеген.

Эгер Аламүдүн районунун Арашан айылында туулуп, эрезеге жеткен айлакер жердеши Алмазбек Атамбаев болбогондо ал пенсияга чыкканга чейин ушул кесибинде бел чечпей эмгектене берүүсү толук мүмкүн эле.

 

Көрсө, так ошол “Кыргызавтомаштан” мультимиллионерге өсүп жетилген  акын-лирик   слесарь-жумушчунун олигархка айлануусуна да көмөктөшкөн экен.

Темадан четтебейли, ошондо:

 

Албек Ибраимовдун байлыгы, байлыгы жана дагы бир жолу байлыгы

 

“Маңдай тери” менен табылган бир нече жүздөгөн гектар жерлеринин санын санап бүтүү мүмкүн эмес.

 

Үстүртөн айтканда “А-4” форматындагы 27 (!)  баракка толот. «Calibri» шрифти менен.

 

174 кыймылсыз мүлк обьектилери:  орчундуу  бөлүгүн жер үлүштөрү – жайыт, айыл чарбасына ылайыктуу, чөп чабылуучу, кен катмар, бак, кайракы талаа, токой аянттары түзөт.

 

Ибраимовго тийиштүү  200 обьектинин катарында аянттары 10 гектарга 32 талаа бар!

 

Жалпысынан бул жеке менчиктеги 320 гектар жер.

 

1. Арашан айылы, ж/м. 10 га  Жер тилкеси.       

2.  Арашан айылы, ж/м. 10 га, жеке менчик турак-жай.

3. Арашан айылы, ж/м. 10 га, жеке менчик жер тилкеси.

4. Арашан айылы, ж/м. 10 га, жеке менчик.

5.  Арашан айылы, ж/м. 10 га, жеке менчик. Турак-жай.

6. Арашан айылы, ж/м. 10 га, д. 1. Жеке менчик. Турак-жай.  

 

Мына ушундай таризде тизме түзүлгөн, жогоруда айтылгандай “А-4” форматындагы 27 баракка жазылган.

 

Белгилей кетсек, жер аймагынын жогоруда аталгандардан тышкаркы 10 гектарга жеткен калган бөлүгү аянты менен гана эмес, багыты менен да айырмаланып, суугат жерден башталып, кайрак талаа менен аяктайт.

 

Ал жерде ошондой эле үйлөр курулган, бардык коммуникациялар жана инстраструктуралык имараттар тургузулган.

 

Булардын баары Албек Ибраимовдун үй-бүлөсүнө жана аларга жакын адамдарга таандык. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, жер тилкелери негизинен дан эгиндерин жана чанактуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу.

 

“Үй-бүлө жалданмалары” иштегиле!

 

Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү да бирдей үлүштөгү жер тилкелерине, кымбат баадагы унааларга ээлик кылышат.

 

Мамкаттоодон билдиришкендей, Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Танкеевнага 147 (!) кыймылсыз мүлк бар. Анын катарында жер тилкелери, жеке менчик үйлөр, айыл чарба фермасы, “Мурас” дыйкан чарбасы, “УздарТрейд” жоопкерчилиги чектелген коому турат. Бир катар мүлктөр документтерде: “Улуттук жеке каржылык эмес корпорация” деп белгиленген.

 

Андан тышкары, Айнура Ибраимованын наамында 3 автоунаа: 1986-жылы чыгарылган самосвал, 2014-жылы чыгарылган  ТОЙОТА-РАВ4 жана    ГАЗ5204 үлгүсүндөгү автоунаа жазылган.

 

Алиева Бүажарга: УНИВЕРСАЛ5 автоунаасы (2002 –жыл), УАЗ33036 (2000 –жыл), УНИВЕРСАЛ5 (2002 –жыл) жана БМВ525.

 

Ибраимовдун кызы Ибраимова Айганыш Албековнага жазылган мүлктөр: чөп чабык жер, кайракы айдоо жер, суулуу  айдоо жер.

 

Ибраимова Бегайым Албековнанын наамына: чөп чабык жер, кайракы айдоо жер, суулуу айдоо жер, андан тышкары 2002-жылы чыккан   ТОЙОТА-РАВ4.

 

Ибраимов Эрулан Албековичтин наамына: турак-жай катталган.

 

Сасыбаева Асылкүл Токуровнанын наамына: 

 

МЕРСЕДЕС-БЕНЦ320 (2003),   МЕРСЕДЕС-БЕНЦ-S500 (2006),  ДАЙМЛЕР-КРАЙСЛЕР240 (1999), МЕРСЕДЕС-БЕНЦ320, ТОЙОТА-АВЕНСИС (2004), ТОЙОТА-АВЕНСИС-ВЕРСО (2004), МЕРСЕДЕС-БЕНЦ-S500 (2006), ДАЙМЛЕР-КРАЙСЛЕР240 (1999).  

 

Андан ары кандай?

 

Ушундай байлык менен Ибраимовдордун кланы “формалдуу” мультимиллионерлердин арасында биринчи орунга оңой эле ат салыша алат.

 

Бул байлыктардын башаты “таза эмгек” менен табылдыбы, же уурдалып алындыбы, Албек Ибраимовдун 2000-жылдардын башында “Кыргызавтомаш” ААКсынын директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеген жылдарына туура келет. Ал эми 2010-жылдан тартып “Бишкек” СЭЗине башкы директор болгону, мүлк үстүнө мүлк кошулду.

 

Бирок, коомчулуктун көңүл борборуна 2011-2012-жылдары Ибраимовдун “Дастан” ТНК ААКсынын башкаруу төрагасы болуп турганда коррупциялык ири жаңжал менен илинди. Арадан 6 жыл өткөндөн кийин гана андагы торпеда үчүн жардыруучу заттарды мыйзамсыз сатып алууга байланышкан  чыр-чатактуу окуя  Ибраимовго каршы кылмыш ишине айланды. Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурунда УКМК аны кылмыш иши боюнча суракка үзгүлтүксүз чакырып турду. Ал “Дастан” ТНК ААКсындагы ири өлчөмдөгү каражатты сарптаган деп айыпталууда.

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматынан улам Албек Ибраимов жер гектарларына ээлик кылуу жагынан лидерлик орунду ээлегенин билүүгө болот. Бул өз кезегинде тийиштүү кызматтар үчүн коррупцияга шектелген аткаминерлерди камакка алууга себеп болуп берет. Ал эми жогорку даражалуу кызматтарды ээлеген адамдардын жашыруун байлыктарынын ачыкталышы коомчулукта ар дайым резонанс жаратат.

 

 Кыймылсыз мүлк, кымбат автоунаалар, ири суммадагы акча дайыма ушул сыяктуу иштерде кездешет, анткени, мынчалык байлыкка таза эмгек менен жетишүү дээрлик мүмкүн эмес.

 

 

 “Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg”  гезити