Журналист Улан Эгизбаевдин денесинде эч кандай жарааттар болбогонун маалымат жыйынында криминалдык милиция Кызматынын башчысы Нурбек Абдиев билдирди. 

 

"Сөөк союлуп текшерилди, алдын ала коюлган диагноз - чөгүп кетүү. Окуя болгон жерде тергөө-ыкчам тобу иштеп, видео жазууларды текшерип жатышат. Тергөөнүн жүрүшүндө жана экспертизанын жыйынтыгынан кийин өлүмдүн анык себеби дайын болот. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат", - деди ал.