Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобун узатуу салтанаты бүгүн, 24-июлдан 25-июлга караган түнү саат 02:00до Бишкек шаардыдагы Манас-2 Эл Аралык Аэропортунда өтөт. Ал иш чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси жана консулу, 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Жоробай ажы Шергазыев катышат.
Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп бармышат. Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл. Алгачкы каттам Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Арабиянын Медина шаарына учуп кетишет.