Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Аталган мекемеге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Албек Ибраимовдун кызматынан бошотулгандыгы жөнүндө 19-июлдагы № 487 буйругу келген. Буйруктун негизи катары 13-июлдагы Бишкек шаардык кеңешинин № 67 токтому көрсөтүлгөн.
КРнын мыйзамынын 23-беренесине (“Борбор шаардын статусу жөнүндө”) ылайык, мэр мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулса, вакансия пайда болгондон баштап 10 күндүн ичинде шайлоо күнүн белгилейт.
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен ишке ашырылат. Эгерде шайлоого жалпы депутаттардын 3төн эки бөлүгүнөн кем эмес адам катышса, шайлоо өттү деп эсептелет.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон адам мэрлик кызматка тандалат.
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жарыялайт, тиешелүү протоколду түзөт жана массалык маалымат каражаттарына жиберишет.