Бишкектеги Октябрь районунун Саякбай Каралаев көчөсүндө жайгашкан “Зимняя Бухта” кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен  билдиришти.

 

ӨКМ билдиргендей,  өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

 

Өрт тууралуу маалымат 07:51де түшүп, 08:39да чектөөгө алынган. Ал эми 09:18де толугу менен өчүрүлгөн.