Соттук-медииналык экспертиза Борборунун маалыматына караганда, "Азаттык" радиосунун белгилүү журналисти Улан Эгизбаевдин каза болушунун себеби сууга чөгүп кетүүсүндө турат. Бирок, так диагноз бир айдын ичинде коюлат. 

 

Экспертизанын маалыматында, журналисттин сөөгүнөн ар кандай жарааттар табылнан эмес. Ошондуктан, алдын ала коюлган диагноз чөгүп кетүү болууда. Бардык тийиштүү анализдер алынган. 

 

Эске салсак, Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында журналист Улан Эгизбаев көлгө түшүп жатып чөгүп кетип каза тапкан. Бирок, ал чөккөн жердеги суунун тереңдиги 1 метр 50 сантиметр экени айтылып, коомчулукта шектенүүлөр пайда болууда.