Театралдык жана сахнада кийилүүчү костюмдардын дизайны жана аларды тигүү үчүн 8 миллион 716 миң сом коротулат. Костюмдар оюндун ачылыш жана жабылыш аземинде пайдаланылат. Аларды даярдоо Маданият министрлигинин милдетинде жана каражат коротууну да аталган министрлик жүргүзөт.
Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Белгиленгендей, костюмдар бир гана башкы каармандарга эмес, массовка үчүн да тигилет. Ошондо 1 миң 608ден ашуун костюм керектелет. Аларга сапаты бийик кездемелер колдонулат.