2018-жылдын 23-июль күнү саат 14:20 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы Исмаил көчөсүндөгү көлмөгө чөгүп кеткен 1986-жылы туулган Ж. А. аттуу жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

 

 Эске сала кетсек, 2018-жылдын 22-июль күнү саат 14:39 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунунун Кызыл-Туу айылындагы Исмаил көчөсүндөгү  көлмөгө 1986-жылы туулган  Ж.А. аттуу (эркек) жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине КР ӨКМнин №23 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн, КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүң дана КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунүн куткаруучулары тартылган.

 

Жалпы 14 куткаруучу тартылып издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес. Издөө иштери 23-июль күнү улантылган.