КСДП партиясынын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов маалымат жыйынында Атамбаев тууралуу пикирин билдирди.
"Коррупциялык схемага Атамбаев күнөөлүү. Биз рулду партия алат деп ойлогонбуз. 20 жылдан ашуун убакыттан бери Алмазбек Атамбаевдин пикирлеши болуп жүрдүк. 2010-жылдан кийин ал биздин ишенимди актабады. Ошондуктан, аны партиянын катарынан чыгаруу керек", - деди Абдрахманов.
Ошондой эле ал Атамбаевдин убагында сырткы карыздын өскөнүн белгиледи.
"Кыргызстандан тышка кеткен мигранттардын саны артты. Биз мамлекеттеги жашоону өзгөртөт деп күттүк эле. Андай болбоду. Мен президенттикке талапкерлигимди коюуга ниеттенгенимде партиялык дисциплинаны буздуң деп партиядан чыгарып салышкан", - деди мурдагы КСДПчы.