Сокулук райондук милиция кызматкерлери тарабынан 10 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинен билдиришти.
Буга дейре Сокулук районундагы базарлардын бирине энеси менен барган 10 жаштагы кыз зордукталганы айтылган. Бирок, кийинчерээк экспертиза кызга зордуктоо аракети болгонун тастыктаган. Кыз аймактык ооруканага жеткирилген.
Кармалган шектүүнү кыз тааныган. Мындан улам шектүү кылмышын моюнуна алып, окуя кандай болгонун сүрөттөп берген.
Шектүү Нарын облусунун 35 жаштагы тургуну Т. Б. болуп чыккан. Ага "зордуктоо" беренеси боюнча айып тагылып, камакка алынды.