2018-жылдын 22-июль күнү Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылындагы Тулпар-Көл көлмөсүнө 2002-жылы туулган К.А. аттуу баланын чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат “102” кызматынан түшкөн.

 

Издөө иштерине КР ӨКМнин №68 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, издөө иштеринин натыйжасында 23-июль күнү саат 10:15 чамасында баланын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.