2018-жылдын 21-июлунда КР МУКК Башкы тергөө башкармалыгы жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууда коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) каралган кылмыш белгилеринин негизинде Бишкек шарынын мурунку мэри А.Ибраимовго айыбы угузулду.
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тергөөдө белгиленгендей, А.Ибраимов, пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер участокторун Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схемасын уюштурган. Ошол эле учурда өзгөчө ири өлчөмдө акчалай пайда алуу максатында жер участокторун өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттатышып, алар аркылуу башка жактарга сатышкан.
Азыркы учурда А.Ибраимов КР МУКК ТКЖ киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.