Журналист Улан Эгизбаевдин сөөгү экспертизага жиберилгени айтылууда. Тийиштүү экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин маркумдун эмнеден улам каза болгону аныкталат.
ИИМдин маалыматына караганда, журналист үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алган. Шаарга кайтаар алдында дагы бир жолу көлгө сүзүү үчүн кетип чөгүп кеткен. Куткаруучулар аны суудан алып чыгып, Тез жардам менен ооруканага жеткиришкен. Бирок, эсине келбей жатып каза тапкан.
Окуя 22-июлда болгон.